Ашырбек кызы Гүлназ

математика мугалими

Өмүр баян

Мен Ашырбек кызы Гүлназ Тогуз-Торо районуна караштуу  Казарман айылында  1982-жылы 11-июнда туулгам.

1989-жылы Макмал  орто мектепке кирип, 1992-жылы Киров айылындагы Киров атындагы орто мектебинин 5-классына которулуп ушул мектепти  1999-жылы ийгиликтүү аяктагам.

Ушул эле жылдын сентябрь айында  Бишкек шаарындагы И Арабаев атындагы математика информатика факультетине тапшырып, 2004-жылы бүттум. 2003-жылы Табылгыты айылына турмушка чыгып, ошол эле айылдын  Э. Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинин өспүрүмдөр уюму болуп андан кийин математика  мугалими болуп эмгек жолумду баштадым. Учурда аталган  мектепте математика мугалими болуп  эмгектенип келе жатам.

Бүгүнкү күндө жолдошум экөөбүз эки уул, беш кыздын бактылуу ата-энесибиз.