Арыкмолдоева Тахмина

Кыргыз тили мугалими

Өмүр баян

 

         Мен Арыкмолдоева Тахмина Абдылдаевна 1980-жылы

14-декабрда Нарын областына караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөм. 1986-жылы Казарман орто мектебине 1-класска киргем. 1997-жылы толук орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин филология факультетине тапшыргам.

      2002-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, “Кыргыз тили жана адабияты” мугалимдик кесибин алып, ошол эле жылы Комсомол орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштагам.

       2008-жылы кыргыз тили жана адабияты кабинетин талапка ылайык өз күчүм менен түзгөм.

       2008-2009-окуу жылында өткөн “Жылдын мыкты мугалими — 2009” конкурсуна катышып, “Жылдын мыкты уюштуруучусу” номинациясына ээ болуу менен Райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйлангам.

       2002-2003-окуу жылынан бери Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп жаштарга билим тарбия берүүнүн үстүндө талыкпай, изденүү менен эмгектенип келе жатам.

        Үй-бүлөөлүүмүн, төрт уул, бир кыздын энесимин.