Масынбекова Калиман

тарых мугалими, окуу завучу

                                 Өмүр баян

Мен Масынбекова Калиман Жекшенбековна 1984-жылы 30-январда  Тогуз-Торо  районуна караштуу Арал айлында жарык дүйнөгө келгем. Үч жашымдан 6 жашка чейин аталган айылда Акшоола балдар бакчасында тарбияландым. 1991-жылы алгач  Бейше орто мектебинин   босогосун аттап, 2001-жылы ушул эле мектепти ийгиликтүү аяктадым. 2001-жылы Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 2007-жылы окуу жайды аяктадым.

2003-2004-окуу жылында  Т.Сатыбалдиев атындагы №7 жалпы орто билим берүүчү мектебинде тарых мугалими болуп эмгек жолумду иштеп баштадым. 2011-2014-окуу жылдары аталган мектепте тарбия завуч болуп эмгектендим. 2015-2016-окуу жылында Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебине тарых мугалими болуп которулдум. 2020-2021-окуу жылынан тартып аталган мектепте окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенем.

Үй бүлөдө сүйүктүү жар, алты баланын мээримдүү энесимин.