Өмүр баян
Мен Кыпчакбаева Анаркүл Малабековна Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айылында 1986-жылы 23-апрелде туулгам.
1993-жылы ошол эле айылдын Барктабас атындагы орто мектепке кирип, 2004-жылы ийгиликтүү аяктагам.
Ушул эле жылдын сентябрь айында Бишкек шаарындагы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз филология факультетине тапшырып, 2009-жылы бүттум. 2010-жылы Табылгыты айылына турмушка чыгып, ошол эле айылдын Э. Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолумду баштадым.
2020-жылдын сентябрь айынан баштап, 2023-жылга чейин мектепте тарбия иштери боюнча уюштуруучулук милдет аткардым.
Бүгүнкү күндө жолдошум экөөбүз үч уул, бир кыздын бактылуу ата-энесибиз.