Эркулова Батма Каныбековна

биология, химия мугалими

Өмүр баян

 

Мен  Эркулова Батма Тогуз-Торо районунун Атай айылында 1982-жылы 8-февралда туулгам.

1989-жылы Барктабас атындагы орто мектебине

1-класска кирип,1999-жылы ийгиликтүү аяктагам.

Ошол эле жылдын сентябрь айынан баштап Барктабас орто мектебинин өспүрүмдөр уюмун жетектедим.

2000-жылы Ош  Мамлекеттик университетинин “Биология” факултетине  тапшырып,2007-жылы аяктадым.

2005-жылы Атай айылдык китепканасына башчылык кылдым.

2009-жылдын декабрь айынан баштап Э.Касымалиев атындагы орто мектепте биология адистиги боюнча мугалим болуп эмгектенип келем.

2018-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, 2020-жылы

“ Табигый-илимий билим берүү” багыты боюнча  химия профилинин негизинде МАГИСТР квалификациясын ийгиликтүү аяктадым.

Үй-бүлөдө  жолдошум экөөбүздүн үч уул, бир кызыбыз бар.