Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп аласташкан.
Нооруз Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алгандан бери майрамдап келет.
Нооруз майрамы Совет доорунда да өксүй түшкөнү менен 1986-жылы кайра куруу мезгилинде кайрадан жанданып, 1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеште кабыл алынып, Президенттин чечими менен расмий түрдө элдик майрамдалат.
2009 — жылы Нооруз UNESKO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.
«Нооруз» — «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.
Комментарии