«Кут толгон Нооруз»
«Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү» жарлыгынын алкагында 21- март Нооруз майрамына карата «Кут толгон Нооруз» аталышында концерттик программа болуп өттү. Концерттик программа «Келин алуу» каада салты, акыйнек, оп майда,шырылдаң, бекбекей өңдүү ырлар, кыргыз бий, айтыш менен коштолду. Кыргыздын улуттук тамагы болгон Сүмөлөк кайнатылып, ошону менен бирге улуттук тамак- аш көргөзмөсү жана улуттук оюндар ойнолду. Мектепте болгон иш чарага айылдагы ак сакал апаларыбыз жана ата-энелер келип катышышты.
Комментарии