Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам.
КР нын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгынын жана «Инсанды руханий адеп ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясын ишке ашыруу максатында уюшулган «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» райондук масштабында өткөрүлгөн сынактын бий, ыр жана сүрөт багыты боюнча окуучулар барып байгелүү орундарга ээ болду.
Каныбекова Айнек — Хореография багыты боюнча » Сардал кыз» аталышындагы улуттук бийин бийлеп 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Токтоболотова Айбийке — сүрөт тартуу боюнча » Жаратылыш койнунда» аталышындагы сүрөтү менен 2-даражадагы диплом менен сыйланса, Токторбаева Салтанат- «Жайлоо» аталышындагы сүрөтү менен 3-даражадагы грамота менен сыйланды.
Абдандилов Усман- ыр багыты боюнча «Айылым» аталышындагы чыгарманы ырдап, актидүү катышкандыгы үчүн «Ыраазычылык кат» менен сыйланды.
Комментарии