ӨМҮР БАЯН
Мен Чокморов Алтынбек Каныбекович 1983-жылы 1-январда Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөм.
1990-жылы Табылгыты айылындагы Комсомол орто мектебине алгач 1-класска киргем. 2000-жылы толук орто мектепти аяктагам.
Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетине тапшырып, 2005-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктадым.
2005-жылы жолдомонун негизинде Торо-Торо районундагы Иманберди уулу Иса атындагы орто мектебинен информатика, математика предмети боюнча алгач мугалимдик эмгек жолумду баштагам. 2007-2011-жылы райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, 2011-жылдан бери Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинде математика информатика предмети боюнча окуучуларга билим тарбия берүү менен эмгектенип келгем.2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору кызматын аркалоодомун.
Окуучуларга билим тарбия берүүдө үзүрлүү эмгектенгеним үчүн Райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”, райондук билим берүү кесиптик бирлигинин кызматкерлеринин “Ардак грамотасы”, Жалал -Абад аймактык билим берүү башкармалыгынын “Ардак грамотасы”, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Ардак грамотасы” менен сыйлангам.
Үй-бүлөдө 2 уулдун атасы