Өмүр баян
Мен Эралиев Токтобай Турсуниязович 1950-жылы Нарын областы Тогуз-Торо районуна караштуу Киров атындагы колхоздун Табылгыты кыштагында туулгам.
Окуу жашыма чейин ата-энемдин колунда тарбияланып, Казарман орто мектебин 1968-жылы бүтүрдүм.
1968-жылдан 1971-жылга чейин Комсомол башталгыч мектебинде башталгыч класстар боюнча мугалими болуп иштедим. 1971-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип, аны 1976-жылы бүтүрдүм.
1976-жылдан 1978-жылга чейин Атай орто мектебинде мугалим, 1978-жылдан 1980-жылга чейин Бирдик орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 1980-жылдан 1988-жылга чейин Чет-Булак орто мектебинде директор, 1988-жылдан 1991-жылга чейин Киров атындагы орто мектепте дироктор, 1991-жылдан 1992-жылга чейин Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрацияда инструктор болуп иштеп келдим.
1992-жылдан 2018-жылга чейин Э.Касымалиев атындагы орто мектебинде директор болуп иштеген. 1983-жылы КРнын Эл агартуу отличниги менен сыйлангам.
Үй-бүлөлүмүн 5 балам бар.