Оркошов Казакбай Нуркамилович

физика мугалими

                                       Өмүр баян

Мен Оркошов Казакбай Нуркамилович 1965-жылы 13-апрелде Нарын областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Табылгыты  айылында туулгам.

1972-жылы Комсомол башталгыч класс мектебине кирип, 1982-жылы Киров орто мектебин аяктадым. 1983-жылы Советтик армияга кызмат өтөөгө барып, 1985-жылы келдим.

1986-жылы  Пржевал Мамлекеттик Педагогикалык институтуна тапшырып, 1992-жылы “математика жана информатика” адистигине ээ болдум.

1992-жылы алгач эмгек жолумду Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы орто мектебинде математика мугалими болуп баштадым. 1992-жылдын декабрь айынан баштап Табылгыты айылындагы Комсомол орто мектебине которулгам.

Азыркы убакта Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинде математика, физика мугалими болуп эмгектенип, 1995-жылы физика кабинетин талапка ылайык өз күчүм менен түзгөм. 2002-жылы жаңыртып, 2007-жылы 3-жолу жаңы мектепке ылайык кабинет түзүп, заманбап көргөзмө куралдар менен жабдыгам. 

        1994-жылы  “Жылдын мыкты класс жетекчиси” деген номинацияга ээ болуп, 1995-жылы “Мыкты тарбия сааты”  номинациясы,  Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын райондук кеңешинин “Ардак грамотасы” 2011,  Райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” 1997-2002, Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” 2014, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” 2013, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин «Ардак грамотасы» 2018, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин «Ардак грамотасы» 2016, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Ардак грамотасы” 2016-ж

менен  сыйлангам. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин  “Эл агартуу отличнигинин төш белгисинн”  ээси

1999-жылдан 2020-жылга чейин мектепте Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагасы болуп эмгектендим.

Үй-бүлөөлүүмүн. 2 уулум бар, жолдошум мугалим болуп иштейт.