Өмүр баян
Мен Шерипова Зайна Бекмаматовна 1970-жылы 12-апрелде Нарын областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Атай айылында туулгам.
1978-жылы Казарман атындагы орто мектебине Даярдоо орус классына кирип 7-класска чейин окудум. 1984-жылы Атай орто мектебине кыргыз класска которулуп 1986-жылы толук эмес орто мектепти аяктагам.
Ошол эле жылы Фрунзе атындагы Политехникалык техникумдун байланыш бөлүмүнө тапшырып, 1989-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, “Байланыш бөлүмүнүн техниги” деген кесипке ээ болгом.
Ушул эле жылы Казарман айылындагы Тогуз-Торо райондук байланыш бөлүмүндө оператор болуп иштөө менен эмгек жолумду баштагам.
1990-жылы, 1992-жылы Пржевальск шаарында шаардык байланыш түйүнүндө эмгек жолуму уланткам.
1993-жылы Комсомол орто мектебине орус тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп дайындалдым.
1997-жылы Орус тили кабинетин талапка ылайык өз күчүм менен түзгөм. 2007-жылы кабинетти жаңылап экинчи жолу түзүп чыктым.
1996—1997-окуу жылында өткөн “Жылдын мыкты мугалими” конкурсуна катышкам.
1998-1999-окуу жылында Билим берүү министрлигине караштуу кесипти алмаштыруу боюнча 9 айлык курстан өтүп, орус мектептеринде Кыргыз тилин окутуу адистигине ээ болдум.
2005-жылы ОШМУ Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктагам Алган сыйлыктарым
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” 2002-ж, Райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” 2006-ж, Райондук билим берүү кесиптик бирлигинин кызматкерлеринин “Ардак грамотасы” 2012-ж, Тогуз-Торо райондук Балдар чыгармачылык үйү тарабынан “Ардак грамотасы” 2012-ж, Тогуз-Торо райондук Балдар чыгармачылык үйү тарабынан “Ардак грамотасы” 2013-ж, Кара Суу айылдык аялдар кеңеши тарабынан “Грамота” 2014-ж, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” 2015-ж, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин «Ардак грамотасы» 2019-ж менен сыйлангам. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Эл агартуу отличнигинин төш белгисинн” ээси
2006- 2020- жж Э.Касымалиев атындагы орто мектебинде тарбия завуч болуп эмгектенгем.
Үй-бүлөөлүүмүн. 2 уулдун энеси