Өмүр баян
Мен Токтоналиева Лариса Таштанбековна 1966-жылы 28-мартта Нарын областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында туулгам.
1973-жылы Кара-Суу айылындагы Киров атындагы орто мектебине
1-классына киргем.
1983-жылы толук орто мектепти аяктагам.
Ошол эле жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика жана башталгыч билим берүү методикасы факультетине тапшырып,1987-жылы аяктап.”башталгыч класстын мугалими”деген кесипке ээ болгом.
Ушул эле жылы Кара-Суу айылындагы №9 Киров атындагы орто мектебинен эмгек жолумду баштагам.
1988-жылы Макмал орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп которулгам.
1992-жылы Комсомол орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп которулгам.
1993-жылы ушул эле мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем.
1994-жылы кайрадан башталгыч класстын мугалими болуп иштеп,башталгыч кабинетин тузгөм.
1999-2000-окуу жылында өткөн “Жылдын мыкты мугалими” конкурсуна катышкам.
1992-жылы “Жылдын мыкты класс жетекчиси” деген номинация жана грамота менен,1993-жылы “Жылдын тарбия сааты”деген номинация жана грамота менен,1996-жылы “Окутуу-тарбиялоо иштерин жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана үзүрлүү эмгектенгени үчүн”РайББнын грамотасы менен,2005-жылы “Окутуу-тарбиялоо ишиндеги зор ийгиликтери,коомдук-саясий иштерге активдүү катышкандыгы үчун”РайББнын профсоюзунун грамотасы менен,2007-жылы жаш муундарды тарбиялоодогу үзурлүү эмгеги,”Билим программасын”турмушка ашырууда кошкон зор салымы үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын грамотасы менен сыйланган.2009-2020-окуу жылына чейин Э.Касымалиев атындагы орто мектебинде окуу бөлүмүнүн болуп иштегем.Азыркы учурда башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жатам.Үй бүлөөлүүмүн.4-уул,2-кыздын энесимин.