Токтожумаева Сагынбү Табылдиевна

башталгыч класс мугалими

Өмүр баян

 

Мен Токтожумаева  Сагынбү   Табылдиевна  1972 — жылы 16-августа    Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылында  туулгам .

1979-жылы   Табылгыты айылындагы   Комсомол  орто мектебине 1-класска  кирип ,1989-жылы орто мектепти  аяктагам.

1990-1992 – жылдар  аралыгында    Нарын педагогикалык  училищасынын “Башталгыч класстарды окутуу”  адистиги  боюнча  билим  алгам.

1994-1996-жылдары  Нарын  областына   караштуу ”Эмгекчил “ орто мектебинде эмгек жолумду  баштагам.

1996-2006-жылдар аралыгында  Тогуз-Торо районуна караштуу  А.Абдраимов атындагы орто мектепте иштегем.

2006-жылдан бери Э.Касымалиев атындагы № 9 жалпы орто билим берүүчү мектебинде   иштеп жатам.

2009-2010-окуу жылында Э.Касымалиев  атындагы орто мектебинде  мектеп аралык өткөн  конкурста “2010-жылдын мыкты мугалими” наамындагы “Ардак грамота” менен сыйлангам.

2017-2018-окуу жылында өткөн  ”Жылдын мыкты  мугалими”  конкурсуна  катышкам.

Класс аралык өткөрүлгөн  ар кандай конкурстарда да алдыңкы орундарды багынтып келем.

 

Башталгыч  класстар боюнча  бир катар  семинар өткөм.

2010-жылы  Тогуз- Торо райондук  билим берүүнүн “Ардак  грамотасы”

2018-жылы Билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  “Ардак грамотасы”,ушул эле жылы   Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун “Ардак грамотасы” менен сыйлангам.

2020-жылы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын  “Ардак грамотасы”  менен сыйлангам

Үй-бүлөөлүүмүн  2 кыз,1 уулдун энесимин.